• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милицияны полицияга өзгөртүү – бул мезгил талабы - Курсан Асанов

Коом 0


Бишкек, 28.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Милицияны полиция кылып өзгөртүү – бул мезгил табалы. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Кыйноо жана зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо” эл аралык конференциясынын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

“Мурдагы совет доорундагы өлкөлөрдө дагы деле милиция бойдон – Беларусия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан калууда. КМШнын калган өлкөлөрү полицияга өтүшкөн. Менимче биз убакыт келгенде өтүшүбүз керек деп ойлойм”,-деп билдирди ал.

Асановдун айтымында, мурда өкмөт башчы Сапар Исаков тарабынан милициягны полиция кылып өзгөртүү боюнча маселени талдап чыгуу боюнча тапшырма коюлган.

“Биз өкмөт башчы тарабынан коюлган тапшырманын үстүндө иштеп жатабыз. Жумуш баскыч-баскычы менен жүрүүдө. Мыйзам иштеп чыгуу керек. Менин оюмча бул суроо 2-3 жылдан кийин каралат. Анда каражат маселеси да коюлат. Бул иш бир гана ИИМ тарабынан эмес калк менен да биргеликте жүргүзүлөт”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий