• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Какчекеев: Милициянын баарын таратуу – жок эле дегенде келесоолук

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Милициянын баарын таратуу – бул жок эле дегенде келесоолук. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин ардагери Токтогул Какчекеев Бишкектеги тегерек стол учурунда билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчыны кулаткандан кийин күч түзүмдөрү жок болуп көптөгөн талап-тоноолор, башаламандык болгон.

"Мен милицияны актабайм жана коргобойм. Бирок бүгүн ИИМ акыркы күчү менен иштеп жатат. Биринчиден, ал азыркы социалдык түзүлүшкө туура келбейт. Кылмыштуулуктун мүнөзү өзгөргөнүн унутпоо керек – алар чебер, айла-амалдуу жана акчалуу болуп калышты. Мындан улам ага тең ата келүү керек", - деди ал.

Ошондой эле ал күч түзүмдөрүнө жаңы келип жаткандарга аскер колледжинде окуудан өтүп, андан кийин юридикалык билим алууну сунуштады. Какчекеевдин пикири боюнча, муну менен тартип түзүлүп, алар этика эмне экенин жана аны качан колдонорун үйрөнүшмөк.

Пикир

Оставить комментарий