• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милициянын генералы З.Рысалиев таластыктарды С.Жээнбековго добуш берүүгө чакырды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 24.09.17 /Кабар/. "Сооронбай Жээнбеков тууралуу айткандан эч тартынбайм, чарчабайм", - деп билдирди экс-министр Зарылбек Рысалиев КР президенттигине талапкер С.Жээнбековдун Талас областынын тургундары менен жолугушуусунда.

Ал белгилегендей, С.Жээнбеков эли-жеринин көйгөйлөрүнүн баарын жана аны чечүү жолдорун ийне-жибине чейин так билет. “Ооба, баарыбыз тууганчылбыз, кыргызбыз, бирок бүгүнкү күндө бир туунун астында турушубуз, биригишибиз керек. Аймак-аймак болуп бөлүнбөйлү. Мен ушуну силерден суранып кетээр элем. Шайлоо күнү жүрөгүбүздү угуп, балдардын келечеги үчүн ушул кишиге добуш берели. Таластыктарда абийир менен намыс күч. Сооронбай Жээнбеков таза киши, бир да коррупциялык иштерге аралашкан эмес. Алты жылда бул талапкерибиз коррупция деген түшүнүктү түп-тамыры менен жок кылат. Өзүбүздүн бала да талапкерлердин ичинде, бирок ал азырынча бир аз жашыраак. Ал эми бул киши бардык талапкерлерден бир топ тажырыйбалуу”, - деп айткан Зарылбек Рысалиев таластыктарды шайлоо баракчасында №9 номер астында келе жаткан Сооронбай Жээнбековго добуштарын берүүгө чакырып өттү.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 24.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий