• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-июнь күнү Чүй районунда Бишкек шаарындагы ЕККУнун көмөгү менен демилгелүү айымдардын социалдык тармагынын Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан келген өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар-тренинг өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Семинарда үй-бүлөлүк зордук зомбулуктарды алдын алуу боюнча талкуу болуп, аталган жолугушууга "Мобилдик автоунаалардын ишмердигин колдоо Ассоциациясынын" директору милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Айбек Ажибаев, Чүй РИИБдүн жана Ысык-Ата РИИБдүн жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Аталган жолугушууда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана башка кылмыштардын алдын алуу максатында милициянын көчмө кабылдамасы учурда жер-жерлерде
эл менен тыгыз иш алып барганы айтылып, жарандар тарабынан кайрылууларды кабыл алуу жана ар бир арыз-даттануу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу
кеңешменин катышуучуларына жеткирилди.

Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын поковниги А.Ажибев Чүй облусу боюнча 7 милициянын көчмө кабылдамасы 2021-жылдын 5 ай ичинде Чүй облусу боюнча 160 ашуун айылдарга эл менен жолугушууга чыгышканын жана 900 дөн ашуун жарандарды кабыл алып, 800 дөн ашуун ар түрдүү кайрылууларды жана арыздарды кабыл алышканын билдирди.

Шамшыбек Мамыров бүгүнкү күнү милициянын көчмө кабылдамары өлкөбүздүн бардык аймактарында жана алыскы райондорунда иш-алып барып жатканын айтып, ички иштер министрлиги тарабынан элдин милиция кызматкерлерине болгон ишенимдерин жогорулатуу жогорку деңгээлде жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жолугушууга келген коомдук демилгелүү айымдардын социалдык тармагынын мүчөлөрү үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу жана терс окуяларга бөгөт коюда милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан жумуштарын кубануу менен кабыл алып жатышканын билдиришип, акыркы мезгилдерде ИИОнун кызматкерлери эл менен тыгыз иш алып баруусу бир топ жанданганын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий