• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кызыл-Кыяда милициянын көчмө кабылдамасы жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын көчмө кабылдамасы жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери көчмө кабылдама менен шаар аймагындагы Кара-Козу, Дворец, Южный, Северный, Разъезд-61 участкаларында жана борбордук Таштемир-Ажы соода базарынын алдында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте шаар жашоочуларынын арасында жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп, ошондой эле президенттин үрп-адат, каада-салт, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкерчиликтерди болтурбоо боюнча, ошондой эле “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларына жол бербөө жана алдын алуу боюнча иш-чаралар жөнүндөгү” жарлыгын жашоочуларга кайрадан жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эл менен жолугушууда жогорудагы көрүнүштөр байкала турган болсо кылмыш жоопкерчилигине тартылуу жагы эскертилип, алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Аны менен биргеликте Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчилиги тарабынан коюлган талаптарды максаттуу аткаруу багытында жер-жерлердеги жашоочулар арасында кылмыштуулуктун, мал уурулук, батир уурулуктардын жана укук бузуулардын алдын алуу, элге сервистик тейлөө көрсөтүү багытында жеринде элдерди кабыл алып көйгөйлөрүн угуп тийиштүү иш- чаралар өткөрүлдү.

Милициянын көчмө кабылдамасы 5 ооз эки кайрылуу кабыл алып, Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин ("Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу") боюнча 26 протокол толтуруп, айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий