• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын түзүлгөнүнө эки жыл толду

Коом 0

Бишкек, 31.10.21./Кабар/. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын түзүлгөнүнө эки жыл толду.

Ага байланыштуу Кайгуул кызматынын маалымат кызматы кайрылуу жасады, анда мындай деп айтылат:

«Урматтуу достор, шаар тургундары жана журналисттер.

Бүгүн, 31-октябрь, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын түзүлгөн күнүнө туура эки жыл толуп турат. ИИМдин түзүмүн реформалоонун алкагында келип чыккан түзүм бүгүнкү күндө коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана “102” линиясы боюнча жарандардан келген чакырууларды тейлөө багытында иш алып барып келет.

Өкмөттүн пилоттук долбоору, кайгуул кызматын түзүү реформасы канчалык деңгээлде ишке ашты буга калыс эл өз баасын берет. Бирок бир нерсени баса белгилеп кетким келет. Реформа багытында сөз кылып, аны талкуулаганда кошуна өлкөлөрдүн тажрыйбасын, дүйнөлүк практиканы эске алгыбыз келет. Ошол эле Грузия, Сингапур жана Украинада ИИМдин түзүмүн өзгөртүү багытында жасалган реформа эмне деген убакытты, эмне деген өкмөттүн ресурс жана каражаттарын, эмне деген курмандыктарды талап кылган. Бирок ошол өлкөлөрдүн эли реформанын ишке ашышын күттү, сабыр кылды, бүгүн анын түшүмүн көрүп отурушат. А бизде Кыргызстанда бул түзүмдүн ачылганына болгону эки жыл кана убакыт болду. Эки жыл деген убакыт Өкмөттүк деңгээлдеги чоң реформаны ишке ашырууда өтө аз убакыт! Ошого карабастан биз Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү жакшы натыйжада коомчулука көрсөтө алдык. Албетте кызмат болгон жерде кемчиликтер да болот, Аларга өз убагында реакция кылып, кайра калыбына келтирүү багытында жетекчилик тарабынан тапшырмалар койулуп жатты. Ошол эле учурда өздүк курамдын башын бириктирип, күнүмдүк нускамада көрсөтүлгөн тартипте ишти уюштурууда жетекчиликтин кошкон салымын, реформаны ишке ашыруу багытында аткарган ишмердүүлүгүн өзгөчө айтып кетмекчимин.

Урматтуу журналисттер бул түзүм ачылганда коомчулук да, көз карандысыз эксперттер да бул түзүм канчалык дэңгээлде ишмердүүлүгүн көрсөтө алат дегендей ар бир кылган ишмердүүлүгүбүзгө көз салып, сын-пикирлерин айтып, өз баасын берип турду. Мына ошол багытта биздин кылып жаткан ишмердүүлүгүбуздү коомчулукка өз убагында так жана ачык айкын жеткирүүдө сиздердин ордуңуздар абдан чоң болуп турду. Бул үчүн сиздерге терең ыраазычылык! Сиздер аркылуу ачылган кылмыштар, жооруктар, алдын алуу багытында профилактикалык эскертүүлөр өз убагында коомчулукка жетип турду.

Жакын арада биздин жетекчилик Исаков Алмазбек Карыповичтин демилгеси менен өкмөттүн, коопсуздук кеңешинин, башкы башкармалыктын жана жалпы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен эки жылдык ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгын чыгарабыз.

Урматтуу достор, социалдык колдонуучулар жана жарандык активистер сиздердин буга чейин бизге айтылган суроо-талаптарыңыздар, сын-пикириңиздер жана сунушуңуздар өтө маанилүү болуп турду. Коомдо коомдук пикирди жаратып, тең салмактап турган күчтөр болушу керек. Сиздерге да терең ыраазычылык.

Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Айтикул уулу Байказы».

Пикир

Оставить комментарий