• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен кишини таап беришти

Коом 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-январында болжол менен саат 18:40 чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Чыгыш-5 дарегинен улгайган киши жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, И.Б аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен саат 16:00дөр чамасында 1959-жылы туулган И.А. аттуу тууганы үйдөн чыккан бойдон дайынсыз экендигин айтып, издеп жүргөндүгүн кабарлаган.

"Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери Боронбаев М. жана милициянын кенже сержанты Азаматов Ж. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, көп өтпөй Чүй жана Т.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн 1959-жылы туулган И.А аттуу жаранды таап, туугандарына сак саламат өткөрүп, беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Туугандары милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий