• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен жаш баланы таап беришти

Коом 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен жаш баланы таап, апасына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаардык ИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кызмат өтөө учурунда, болжол менен саат 11:30 чамасында Сүйөркулов көчөсүндө 1991-жылы туулган М.М. аттуу айым базарга келип, 3 жаштагы М.А. аттуу жаш баласын жоготуп алгандыгын кабарлап, кайгуул кызматкерлеринен жардам сураган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып кеткен жаш баласын таап беришкен.

Баласынын табылганына сүйүнгөн апасы милициянын кайгуул кызматкери милициянын пропаршиги Садыбакасова Калияга рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий