• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен жаш баланы таап беришти

Коом 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен жаш баланы таап беришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 9-апрелинде болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Бишкек шаарынын Жунусалиев көчөсүнөн жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2012-жылы туулган Б.А. аттуу жаш бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери дароо чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, болжол менен саат 20:00 чамасында таап, чоң энесине сак-саламат өткөрүшүп беришкен.

Небересинин табылганына сүйүнгөн чоң эне кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий