• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн өспүрүмдөрдү ата-энесине таап беришти

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш балдарды таап, ата-энелерине сак-саламат жеткирип беришкен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-апрелинде болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Рухий Мурас жаңы конушунан кичинекей балдар жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2012-жылы туулган М.А. жана 2013-жылы туулган М.Н. аттуу өспүрүм балдар үйдөн ойноп чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери дароо чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, көп өтпөй адашып жүргөн жаш өспүрүмдөрдүү таап, ата-энелерине сак-саламат жеткирип беришкен.

Балдарынын табылганына сүйүнгөн ата-энелери милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий