• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милициянын кайгуул кызматкерлери айымдын жоготуп алган капчыгын таап беришти

Коом 0

Бишкек, 31.2.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери айымдын жоготуп алган капчыгын таап беришти.

2020-жылдын 29-декабрында милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, эски Автобекеттин аялдамасынан капчык таап алышкан. Ичинде паспорт, акча, виза картасы жана башка баалуу каражаттары болгон.

Милициянын кайгуул кызматкерлери капчыктын ээсин издеп таап, 1990-жылы туулган О.А. аттуу айымга алып барып беришкен.

"Кайгуул кызматкерлери милициянын прапорщиги Боромбаев М. жана милициянын кенже сержанты Азаматов Ж.га капчыктын ээси рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий