• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милиция автоунаа уурдап качкан жарандарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.02.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери авто унааны уурдап качкан шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-февралында болжол менен саат 03:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Жогорку Төкөлдөш” дарегинен ВАЗ-2114 үлгүсүндөгү авто унааны уурдап кетишти деген маалымат келип түшүп, ошол замат өздүк курамга авто унааны издеп табуу боюнча багыттама берилген.

Берилген багыттаманын негизинде Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, көп узабай кылмыш изи сууй электе, кылмышка Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен шектүү катары уурдалган авто унааны айдап бара жаткан жеринен 2003-жылы туулган Ж.Н. жана 2000-жылы туулган Ч.Р. аттуу жарандарды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда Октябрь райондук ИИБ тарабынан тийешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий