• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте соода борборунун алдынан унаа айдай качкан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.11.21. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан соода борборунун алдынан унаа уурдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрда С.Д. аттуу жаран Ленин райондук милициясына арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 22:45 чамасында Баха жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Фрунзе" соода борборунун астынан "Матиз" үлгүсүндөгү авто унаасын белгисиз жарандар айдап качып кеткендигин кабарлаган.

Бул боюнча милициянын кайгуул кызматкерлерине багыттама берилип, кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе шектүү 1992-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты Ленин райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 206-беренесинин ("Автотранспорт каражаттарын айдай качуу") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий