• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайгуул кызматкерлери колун кесип алган 3 жаштагы баланы ооруканага жеткиришти

Коом 0


Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери колун кесип алган 3 жаштагы баланы ооруканага жеткиришти.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 20-апрелде саат 17:00дөр чамасында Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен жашы 20-25 курактагы кыз кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган.

Анда 3 жаштагы иниси кокусунан колун кесип алгандыгын айтып, эртерээк ооруканага жеткирип коюусун өтүнгөн.

Кайгуул кызматкерлери жаш баланы эжеси менен кошо кызматтык унаага отургузуп, №3 балдардын ооруканасына жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий