• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматкерлери балдар үйлөрүнө социалдык жактан жардам көрсөтүштү

Коом 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйлөрүнө жана социалдык мекемелерге социалдык жактан жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген жана ар кандай шарттар менен балдар үйлөрүнө келип калган жаш өспүрүмдөрдүн жашоо шарты менен таанышуу жана аз да болсо жардам көрсөтүү максатында Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде, Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жана Сокулук районда жайгашкан Маловод айылындагы балдар үйлөрүнө барышып, башкармалыктын атынан күнүмдүк мекемеде керектелүүчү буюмдарды жана тиричилик каражаттарын тапшырышты.

Башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков ошол мекемелерде эмгектенип жаткан мугалимдерге терең ыраазычылыгын билдирди.

"Бул жарандарыбыз да коомдун бир бөлүгү. Андыктан баардык өспүрүмдөрдүн толук кандуу билим алып, социалдык жактан камсыз болуп, татыктуу билим алуу менен чоңойуп өсүшүнө тилектешпиз", - деген ал башкармалыктын атынан акчалай каражат тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий