• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматкерлери окуучулардын коопсуздугу үчүн мектептерде иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-январдан тарта жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары кадимки тартипте окуй баштады. Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы бекитилген мектептерге барып, кызмат алып барууда, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер мектептин жана анын айланасындагы аймактын коомдук коопсуздугун карап, окуучулардын коопсуздугу үчүн алар эртең менен мектепке келген убакытта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап турууда.

Ошондой эле алгачкы класстын окуучуларынын коопсуздугу үчүн жөө өтмөктөн жана жол чырактан өткөрүү, ата-энелер алгачкы класстын окуучуларын мектепке алып келген учурда жол тыгынын болтурбоо максатында, мектепке жакын жолдордун кесилиштеринде жол тыгынын кол менен жөнгө салууда.

"Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы биринчи класстардын окуучуларынын ата-энелеринен кайрылат. Буга чейин онлайн режиминде окуп, көп убакыт тыныгуу болгондуктан, жаш балдардын мектепке барып келчү маршруттук жолу калыптагыча жаш балдарды чоңдордун коштоосу менен мектепке алып барып, алып келүүнү суранат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий