• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милициянын кайгуул кызматкерлери өрттөнүп жаткан үйдү өчүрүүгө жардам көрсөттү

Кырсык 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып Көлмө конушунун үйлөрүнүн биринде өрт чыкканын байкашкан.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, кызматкерлер кошумча кызматтарды чакыруу менен бирдикте, алар келгенге чейин үйдүн эшигин, терезесин сындырып кирип, ичиндеги калган жарандарды сыртка чыгарууга жетишкен. Ошол эле учурда өрттүн андан ары уланып кетишинин алдын алуу максатында өрттү өчүрүүгө болгон аракетин көрүшкөн.

Көп өтпөй өрт өчүрүүгө тийиштүү кызматтар келген, учурда өрт өчүрүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий