• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Милициянын кайгуул кызматкерлери шайлоо участкаларында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүүдө милициянын кайгуул кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кагуул кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын аймагында орнотулган 228 шайлоо участкасында бирден кызматкерлер бекитилип, ошол аймактагы коомдук тартипти орнотуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Ошондой эле шайлоого келген жарандардын укугун толук кандуу камсыздоо багытында алардын коопсуздугуна кам көрүү менен алардын суроо талаптарына багыттама көрсөтүп, жол тыгындарын болтурбоо максатында алардын алдын алууда.

Азыркы учурда абал туруктуу жана шайлоо участкаларынын айланасындагы бардык кыймыл аракеттер кайгуул милиция кызматкерлери тарабынан дыкат көзөмөлдө.

Пикир

Оставить комментарий