• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жарандарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.01.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-январда болжол менен саат 2:40 чамасында Бишкек ШИИББнин 102 кызматына Чүй жана Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде уюлдук телефон тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 17 жаштагы Н.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 2:30 чамасында белгисиз жарандар “Редми 9” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө күч колдонуп тартып алып, андан ары белгисиз тарапка качып кетишкендиги айтылган.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 17 жаштагы И.Б. жана А.Ы. аттуу жарандарды кармашып, Ленин райондук тергөө кызматына өткөрүшүп, беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий