• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 24-ноябрда болжол менен саат 18:23 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Рыскулов жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 33 жаштагы П.А. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 18:10 чамасында белгисиз жаран арыз ээсин уруп, ачык түрдө баасы 11 миң 500 сомдук чөнтөк телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде качып бара жаткан жеринен 51 жаштагы М. Т. аттуу жаранды кармап, Ленин райондук ИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Ленин райондук ИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз КР Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий