• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте тоноого шектүү 2 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкекте тоноого шектүү 2 жаранды кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрда болжол менен саат 05:20 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен акча жана уюлдук телефонду тоноп кеткен факт боюнча маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган Ы.Б. аттуу жаран ушул эле даректен болжол менен саат 05:00 чамасында белгисиз болжол менен жашы 30-35 курактагы жарандар арыз ээсинин баасы 13 миң 500 сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 8 миң сомдук акчасын ачык түрдө күч колдонуп алып кетишкенин айтып арызданган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган А.Б. жана 1987-жылы туулган Т.Ж. аттуу жарандарды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 201-беренесинин ("Тоноо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий