• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Милициянын кайгуул кызматкерлери унаасынын дөңгөлөгү жарылган жаранга жардам көрсөтүштү

Коом 0

Бишкек, 21.11.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери унаасынын дөңгөлөгү жарылган жаранга жардам көрсөтүштү.

Милициянын кайгуул кызматынан белгилешкендей, кечээ, 20-ноябрда Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде туура эмес жерде токтоп турган авто унааны көрүшкөн. Унаага карата чара көрүү үчүн токтоп, айдоочуга кайрылганда, ал унаасынын дөңгөлөгү жарылып, ордунан жыла албай жаткандыгын айткан.

Кайгуул кызматкерлери Н.Акылбеков жана Н.Салымбаев айдоочуга жардам берип, дөңгөлөгүн желдетип, жакынкы желимдөөгө чейинки жолду көрсөтүп, андан ары айдап кетишине шарт түзүп беришкен.

Кайгуул кызматынын кызматкерлеринин бул көңүл жылытарлык ишине айдоочу рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий