• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматкерлери жалпы аял затын майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 08.03.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери жалпы аял затын майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери жазды утурлай кирип келген 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан айымдарды, укук коргоо органдарында эмгектенген жалпы айымдарды, ошондой эле Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемедеги кары апаларды жана ошол жерде иштеген айымдарды куттуктап, бекем ден соолук жана аялзатына тиешелүү болгон баардык жакшылыктарга тилектеш экендигин белгилеп, азда болсо көңүлдөрүн алуу максатында чакан белектерин тапшырды.

Ошондой эле милициянын кайгуул кызматкерлери чоң көчөлөрдөгү унаа айдап бара жаткан айымдарды жеринен токтотуп, майрамы менен куттуктап, чакан белектерди тапшырып көңүлдөрүн алышты.

Пикир

Оставить комментарий