• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен 4 жашар кызды таап беришти

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен 4 жашар кызды таап беришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 7-сентябрында болжол менен саат 11:10дор чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Алыкулов менен Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Жерине дароо Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты такташкан. "35 жаштагы Д.Н., аттуу келин 4 жашар кызын издеп жаткандыгы кабарланган. Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш аракетин уюштуруп, жыйынтыгында аз убакыттын ичинде кичинекей кызды таап, апасына аман-эсен өткөрүп беришти", - деп кабарлашты Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий