• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Милициянын кайгуул кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында сабактар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлерине кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында сабактар өтүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, атайын иштелип чыккан программага ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлерине Жарандык бирикменин тең төрагасы Тимур Шайхутдинов, психологдор Ангелина Демильханова жана Галина Давлетбаеванын катышуусунда өздүк курамга “Кайгуул милициясы үчүн калк менен иш алып барууда техникалык байланыш жана психологиялык туруктуулук” темасында видео сабактар өтүп, өздүк курамдын кызматка болгон кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында КР ИИМге тиешелүү болгон айрым жаңы буйруктар, укуктук-ченемдик актылар жана калк менен тыгыз иштешүүдө керектелүүчү тартиптик жаза фактылар тууралуу сабактар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий