• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милициянын кайгуул кызматы 1-класстын окуучуларынын ата-энелерине кайрылуу жасады

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы 1-класстын окуучуларынын ата-энелерине кайрылуу жасады.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, быйылкы окуу жылы башталгандан тарта Бишкек шаарында 1-класстын окуучулары сабагы бүткөндөн кийин үйүнө бара жатып жолдон адашып кетип, ата-энелердин кайрылуусу боюнча кайгуул милициясынын кызматкерлери тарабанын табылып кайтарылган 5 учур катталган.

"1-класстын окуучулары мектепке жаңы келип жаткандыктан, үйдөн мектепке чейинки жолду эстеп калуу мүмкүнчүлүгү калыптанбагандыктан, мектептен чыгып үйгө бара жаткан жолдон адашып, үйүн таппай калган фактылар катталууда. Андыктан 1-класстын окуучуларынын коопсуздугу үчүн ата-энелерден бала мектепке барып-келчү жолдү толук кандуу үйрөнгөнгө чейин аны сабактан кийин тосуп алып турушун суранабыз", - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Пикир

Оставить комментарий