• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматы 10 айлык ишинин жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кечээ, 16-ноябрь күнү Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгы быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйынга аталган башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков, анын орун басары Мирлан Боенов жана кайгуул милициясынын полкунун командири Канатбек Жумаев, ошондой эле бөлүм башчылар жана рота командирлери катышкан.

Кеңешмеде милициянын кайгуул кызматынын 10 айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы аткарган иштери каралган. Жыйында аткарылган иштерге баа берилип, айтылган кемчиликтерди жоюу милдеттери коюлган.

“Милициянын кайгуул кызматы “102” линиясы боюнча ар кандай багыттагы 49 миң 860 чакырууну кабыл алып, алардын ичинен 30 миң 605и такталган. 10 ай ичинде 1 миң 838 жорук жана 461 кылмыштын бети ачылган. Ал эми жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузган айдоочуларга карата түзүлгөн протоколдордун саны 147 миң 774тү түзүп, өткөн жылдын 10 айына салыштырмалуу 77 миң 995ке көп болгон. Ошондой эле жол эрежесин бузган айдоочуларга 237 млн 323,5 миң сом айыппул салынып, 10 ай ичинде мамлекеттик буджетке 87 млн 419 миң сом өлчөмүндө акча өндүрүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Кеңешменин соңунда башкармалык тарабынан бөлүм башчыларына Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында тиешелүү тапшырмалар берилген. Аны менен бирге “102” линиясы боюнча жарандардан келип түшкөн ар кайсы багыттагы кайрылуулар ыкчам жана сапаттуу тейлениши керектиги эскертилип, жарандар менен тыгыз байланышта иштөө милдети коюлган.

Пикир

Оставить комментарий