• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милициянын кайгуул кызматы: Бишкекте жол тыгындарын жоюу максатында иштер алынып барууда

Коом 0


Бишкек, 14.11.20. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы жол тыгындарын жоюу максатында иш алып барууда.

Кайгуул милициясынан билдиришкендей, аларга шаар тургундарынан Бишкекте эртең менен жана кечинде унаа агымынын көбөйүшүнө байланыштуу айрым көчөлөрдө тыгын пайда болуп, жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздык жаралып жатканы боюнча кайрылуулар болот.

“Бишкек шаарынын милициясынын кайгуул кызматкерлери борбор калаада коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоо боюнча ишин күнү-түнү жүргүзөт. Жол тыгындары пайда болгон жерлерге кызматерлердин тобу дароо жөнөтүлөт. Аны менен бирге кайгуул милициясы күнүгө саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечкисин саат 17:30дан 19:30га чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында көчө кесилиштериндеги жол кыймылын жөнгө салышат. Алар жол чырактар иштебей калгандан, унаалардын көптүгүнөн, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн же башка көрүнүштөрдөн улам унаалар топтолуп калган жерлерде жол тыгындарын алдын алуу, жөнгө салуу боюнча иш алып барышат”, - деп билдирет кайгуул милициясы.

Кайгуул кызматынан белгилешкендей, алар жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө менен гана чектелбестен, коомдук тартипти карап, “102” номери аркылуу жарандардан түшкөн ар кайсы багыттагы чакырууларды ыкчам жана сапаттуу тейлеп келет. Ошондуктан айрым учурларда чалууларга жетишпей калган учурлар болот.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы бардык айдоочуларды жана жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежесин так сактоого чакырат.

“Жасалма тыгындарга жол бербөө үчүн жолдун карама-каршы тилкелерине чыкпай, жол кесилиштерге жакын жерде ортого кире калып, бир багыттан экинчи багытка өтүү аракетин кылбаңыздар. Бул өндүү аракеттериңиз жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдуктарды жана ыңгайсыздыктарды жарататарын эсиңизге алыңыздар”, - деп эскертет Милициянын кайгуул кызматы.

Пикир

Оставить комментарий