• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милициянын кайгуул кызматы элдик кошуун, аскер кызматкерлери менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Коом 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы элдик кошуун, аскер кызматкерлери менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Бишкектин аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо, коомдук тартипти жана туруктуулукту орнотуу, ар кандай чагымчыл топтордун топтолуп, мамлекеттик же муниципалдык мекемелерге башаламандык менен басып алуу же кол салуу коркунучуна жол бербөө үчүн Милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.

Алар элдик кошуундун өкүлдөрү менен биргеликте түнкү кайгуулга чыгып, жол эрежесин сактабай же баш ийбеген айдоочуларга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, “102” линиясы боюнча жарандардан келип түшкөн ар кайсы багыттагы чакырууларды ыкчам жана сапаттуу тейлеп келүүдө. Аны менен бирге шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн Милициянын кайгуул кызматы аскер кызматкерлери жана элдик кошуундун өкүлдөрү менен бирге Бишкек шаарынын аймагына кирип чыгуу жерлеринде орнотулган атайын блок посттордо күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барууда.

"Андыктан баардык жарандарды түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө абал режиминин талаптарын сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий