• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Милициянын кайгуул кызматы элдик кошуундун өкүлдөрү менен бирдикте иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту орнотуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында күчөтүлгөн тартипте элдик кошуундун өкүлдөрү менен бирдикте иш алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

"Жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылып, муктаждыгында ыкчам "102" линиясындагы чакырууларды камсыз кылып, мыйзам бузууларга жана талап тоноочулукка жол бербейт. Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жарандарды коомдук тартипти сактоо менен ар кандай чагымчыл чакырууларга жана демонстрациялык жүрүүлөргө алдырбоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий