• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милициянын кайгуул кызматы көчөлөрдүн абалы боюнча жазгы текшерүү ишин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын (МККБ) жолдорду көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек мэриясынын тийиштүү кызматтары менен биргеликте борбордо көчөлөрдүн абалын комиссиялык түрдө текшеришүүдө. Бул тууралуу МККБы басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүүнүн максаты - жалпы колдонуучу унаа жолдорун, калк жашаган жерлердеги көчөлөрдү жана темир жол өткөөлдөрүн кыш өтүшү менен жайкы мезгилге даярдоо болуп саналат.

«Ошону менен эле бирге текшерүүнүн негизинде борбор шаарыбыздын көчөлөрүндөгү жолдордун үстүндөгү аңдарды жана жаракаларды жокко чыгаруу, жол белгилерин орнотуу жана алмаштыруу, жол чийиндерин жанылатуу жана тийиштүү жерлерге жол чийин түшүрүү, тосколдук жана тосмолорду жаңылатып жана орнотуу иш-чараларын жүргүзчү жерлер такталды.

Такталган маалыматтар боюнча, түзүлгөн акт жергиликтүү аткаруу бийлик өкүлдөрүнө тийиштүү иштерди аткаруу максатында жөнөтүлөт. Көчө жана жолдордун абалын текшерүү иштери жолдору көзөмөлдөө бөлүмүнүнүн кызматкерлери тарабынан улантылууда», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий