• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту орнотуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында күчөтүлгөн тартипте иштешүүдө.

"Жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, муктаждыгында ыкчам "102" линиясындагы чакырууларды камсыз кылып, мыйзам бузууларга жана талап тоноочулукка жол бербейбиз. Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жарандарды коомдук тартипти сактоо менен ар кандай чагымчыл чакырууларга алдырбоого чакырат", - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий