• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматы мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковду эскеришти

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына анын үй-музейине барып, басып өткөн жолун жана өмүр таржымалын эскеришти.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, жетекчилик курам Кыргызстандын тарыхындагы өзөктүү орду бар, Кыргыз ССРнин түптөлүшүнө, мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, экономикалык жана өндүрүштүк, ошондой эле илим жана маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун өткөн өмүр таржымалын эскеришти.

Раззаковдун үй-музейинин директору Арман Момаханова кызматкерлерге чыгаан инсандын балалык күндөрүнөн тартып, Өзбекстан, андан ары Москвага чейинки окуп, мамлекеттик кызматка калыптангандыгын кеңири баяндады. Ошол эле учурда улуу инсандын ишмердүүлүгүн камтыган үй-музейинин кээ бир экспонаттарын жаңылоого муктаж экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий