• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматы Ошто Жаштар комитети менен биргеликте тегерек столго чогулду

Аймак 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы Ош шаардык жаштар комитети менен биргеликте тегерек столго чогулуп, бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тегерек столдо жол коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту сактоодо, жол эрежесин сактоодо, ага баш ийүүдө, тартип бузууларды алдын алуудагы фактолор айтылып, көп тараптуу сунуштар айтылды.

Коомдук жайларда, коомдук тамактануучу жайларда, калк жыш жайгашкан аймактарда, коомдук транспорттордо чөнтөк ууруларынан элди этияттыкка чакыруу үчүн, уурулуктун алдын алуу максатында «Ууру» аталышындагы рейд уюштурулган. Тегерек столдо аталган рейддин алкагында кандай иштер аткарылды, рейддин жыйынтыгы кандай болду деген суроолор талкууланды.

Ошондой эле «Пешеход» рейдинин жүрүшүндө Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери авто мектептерде окуган курсанттар менен биргеликте шаардыктарга жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн өтүү эрежелерин үйрөтүү менен болочоктогу айдоочуларга жол эрежелерин түшүндүрүү иш-чаралары буга чейин активдүү жүргөн.

Мындан сыркары, «Көңүл бургула балдар!» аталышындагы рейддин натыйжалары айтылып, шаар аймагында Милициянын кайгуул кызматы менен Ош шаардык жаштар комитети менен биргеликтөө иштөө пландары түзүлүп, коомдук транспортто жүрүү, жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана башка маселер боюнча ой-пикирлер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий