• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Милициянын кайгуул кызматы Жалдагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын Жаңы жылы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери балдар үйүнө барып, тарбиялануучуларды кирип келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттукташты.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери Бишкектеги Жал кичирайонунда жайгашкан Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда тарбияланып жаткан өспүрүмдөрдүн көңүлүн алуу максатында ар бирине атайын жаңы жылдык белектер таркатылып, каалоо-тилектер айтылды.

Башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков өздүк курамдын атынан өспүрүмдөрдү Жаңы жылы менен куттуктап, белектерди тапшыруу менен бирге аларды тарбиялап жаткан мугалимдерге терең ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий