• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милициянын кайгуул кызматы аба ырайына байланыштуу жолдордо иш алып барууда

Коом 0


Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу жолдордо иш алып барууда, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаардык мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен чогуу жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу, ошондой эле жарандардын унаа менен жолдо тоскоолдуксуз жүрүү мүмкүнчүлүгүн толук кандуу камсыз кылуу максатында Бишкектин аймагындагы баардык көчөлөрдү "Тазалык" муниципалдык ишкананын кар тазалоочу, карды сүрүп чыгаруучу техникалык унаалары менен жолдун унаа жүрүүчү жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү бөлүктөрүн тазалашты.

Ошондой эле муздарды жана карларды эритүүчү инерттик каражаттарды сээп, айдоочулардын жолдо жүрүүдө коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди алып барышты. Андан тышкары, кар тазалоочу техникалык унаалардын иши толук кандуу үзгүлтүксүз жүрүп туруу үчүн жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери аларды коштоп жүрүштү.

Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугун сактоо менен автоунаанын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып айдоого, ошондой эле кыштын күнү көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырбай айдоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий