• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үч милиция кызматкери 2,5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Милициянын мурдагы жана азыркы учурда иштеп жаткан кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 22-январында Башкы прокуратурага Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал милиция кызматкерлери ага карата кылмыш ишин ачпаш үчүн 3000 доллар талап кылганын билдирип, аларга карата чара көрүү боюнча арызданган.

24-январь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын Шопоков-Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинен Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын 1988-жылы туулган Е.А. аттуу кызматкери, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана пара талап кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1982-жылы туулган Н.У., Ленин районунун Криминалдык милиция кызматынын мурдагы кызматкери, алдамчылык менен издөөдө жүргөн 1980-жылы туулган Ж.Т. аттуулар 2500 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн милиция кызматкерлери УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат. Иликтөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

"ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарын саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалануу иштерин улантып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий