• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Милициянын офицерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-октябрында ИИМдин музейинде “Офицердин жубайы” ардактуу медалын сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев медалдын келип чыгуусу боюнча кыскача айтып берип, сүрөттөгү ар бир түстүн өзүнчө мааниси бар экендигине токтолду.

"Бул өзгөчө медаль - ички иштер органдарында иштеген офицерлердин аялдары жолдошторунун ишенимдүү таянычы болуп, үй-бүлөлүк очоктун бейпилдигин жана коопсуздугун камсыз кылып, турмуштук оор кырдаалдарда дагы ишенимдүү жана чыдамдуу бойдон калган эбегейсиз зор ролун терең урматтап таануунун белгиси. Бардык кыйынчылыктарды тандаган адамдарыңыздар менен бирге жеңип, алардын сүйүктүү жубайы, ишенимдүү досу жана тиреги бойдон калып, ар дайым колдоп келгениңиздер үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Сиздер бул сыйлыкка татыктуусуздар”, – деди Султан Жоошбаев.

Пикир

Оставить комментарий