• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Милициянын отставкадагы майору Кемелбек Киязов Москвадагы эл аралык марафонго катышты

Коом 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Күн мурун милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов 42 км 195 метр аралыкка чуркоо боюнча жетинчи Москва эл аралык марафонуна катышты. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага 85 өлкөдөн келген 22 миңден ашуун адам катышкан.

"Чуркоо марафонунда Кемелбек Киязов жеке өзүнө рекорд койду. Анын жыйынтыгы 4 саат 01 мүнөттү түзгөн. Жаш курактары боюнча катышуучулар жана жеңүүчүлөр сыйланат. Кемелбек Киязов Москва марафонундагы чуркоону - Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине арнаган", - деп кабарлашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий