• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милициянын подполковнигин өлтүрүүгө шектүү жаран кылмышын моюнга алды – Ош ИИББ

Укук тартиби 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Ош шаары жана Ош облусу боюнча баңги затты мыйзамсыз айландыруу менен күрөшүү боюнча башкармалыктын инспектору, милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектүү изи сууй электе кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматы билдиргендей, мындан мурда 4 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү кармалган. Анын ичинен үй-бүлө башчысы Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган, ал бардык күнөөнү моюнуна алды.

“Оор кылмышка шектелип жаткан Д.Ш. өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмышты ал өзү жалгыз кылганын билдирди. Себебин аялын кызгануу деп түшүндүрдү. Адвокатынын катышуусунда ал кылган күнөөсүн моюнуна алды”,-деп айтылат ИИББдин билдирүүсүндө.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, инспектор Таирбек Уларов Д.Ш.нын аялы иштеген дүкөнгө (Т.Уларов иштеген жерге жакын) дайыма келип, соода кылып турчу.

“21-мартта биз айылда сүмөлөк кайнатып жатканбыз. Ошол учурда менин аялыма Таирбек чалып, аны чакырды, мен эмнеге чакырып жатат деп сурасам, келинчегим карызын берем деп жатат деди. 20 мүнөттөн кийин мен аялымдын артынан барсам, экөө сүйлөшүп турушуптур. Мен кичине ичкенмин. Таирбек дагы кызуу болчу. Биз уруша кеттик. Андан кийин ал эркекче сүйлөшүүнү сунуштады. Биз Учар районундагы каналга келдик. Ал менин намысына тийген сөздөрдү айта баштады. Мен ачуумду токтото албай, колумдагы балдак менен чаап жибердим. Футбол ойноп жатып бутумду кокустатып алгандыгымдан убактылуу балдак таянып жүргөм. Ал отуруп калды. Мен коркуп кетип, колума тийген таш менен дагы бир нече ирээт урдум. Ал жерге кулап, бирок дагы деле сөгүнүп жатты. Мен аны унаасынын арткы отургучуна жаткырып, эшиктерин чип менен жаап, кан болгон таш менен унаанын ачкычын сууга ыргытып коюп кетип калдым. Туугандарыма Таирбек үйүнө кетти дедим. Жаңжал кызганычтан чыкты, мен аны өлтүрөюн деген эмесмин”,-деп билдирди Д.Ш. нын көрсөтмөсүн ИИББ.

Тергөөнүн жүрүшүндө Д.Ш.нын көрсөтмөсү текшерилип, аталган кылмышка башка тараптардын катыштыгы бар-жогу аныкталат.

Эскерте кетүүчү жагдай, шектүү оор жаракат алган Т.Уларовго жардам берген эмес. Д.Ш. 2008-жылы соттолгон жана Бишкек ИИББ тарабынан издөөдө жүргөн. Эч жерде иштебейт.

Эскерте кетсек, 23-мартта саат 15:30 дар чамасында Ош шаарынан алыс эмес жайгашкан Учар айылында каналдын жээгинде “Митсубиси” маркасындагы унаанын ичинен милициянын подполковниги, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча банги затты мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү башкармалыгынын инспектору Таирбек Уларовдун кыйнап өлтүрүлгөн денеси табылган.

Пикир

Оставить комментарий