• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Милициянын техникалык көзөмөлдөө кызматкерлери троллейбус айдоочуларынан экзамен алууда

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери троллейбус айдоочуларынан экзамен алууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Малым болгондой эле, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкрелери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыгынын алдын алуу багытында Бишкек шаардык Троллейбус башкармалыгынын троллейбус айдаган айдоочуларынан жол кыймылынын эрежелери боюнча экзамен жана тест алууда.

Андын тышкары, жолдо жүрүү учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган Бишкек Троллейбус башкармалыгына таандык 11 каттамда кызмат кылган 150 троллейбус бар. Алардын жол коопсуздугу жана каттамда жүрүү тартиби милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алынып, Тийиштүү учурда тийешелүү чаралар көрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий