• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Милициянынын кайгуул кызматкерлери “Азамат” медалдары менен сыйланышты

Коом 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 14-сентябрда Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын 15 кызматкери өзүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кызмат өтөө учурунда көргөзгөн кесипкөйлүгү жана оор кылмыш ишинин бетин ачкандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органында көп жылдык татыктуу кызмат кылгандыгы үчүн “Ардак” грамотасы жана “Азамат” медалдары менен сыйланышты.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, сыйлоо аземинде Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков кызматкерлерге сыйлыктарды ыйгарып жатып, бүгүнкү күндө коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо Милициянын кайгуул кызматынын орду чоң экендигин белгилеп, өздүк курамга бекем ден соолук жана иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий