• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Миллер: «Газпром» Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу милдеттемесин убагында аткарат

Коом 0

Бишкек, 29.08.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Газпром” ишканасы Кыргызстанды көгүлтүр от менен камсыз кылуу боюнча милдеттемесин өз убагында аткарат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын жаңы административдүү имаратынын ачылышында “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанды газ менен камсыздоо иштеринин 26 пайызы аткарылды.

“2030-жылга өлкөнүн 60 пайыны көгүтүр от менен камсыз болот деп, Кыргызстандын жетекчилерин ишендирип кетким келет”,-деди Миллер.

Ошондой эле бүгүн Сапар Исаков жана Алексей Миллер Ала-Тоо жаңы конушуна газ берүү иш чарасына катышышты.

Пикир

Оставить комментарий