Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз баюу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку вице-перемьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин батирин тинтүүгө алышты.
Тинтүү маалында белгилүү фирмалардын кымбат сааттары, зер буюмдар, күбөлүк, 2 млн. 900 миң сом жана 100 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттары табылган.
Ошондой эле Зилалиевдин “Ордо” VIP шаарчасында үйү, Бишкектин борборунда үч кеңсеси жана бир нече батири, Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуу үйү бар экени аныкталган.
Видео УКМКнын басма сөз кызматыныкы
Пикир
Оставить комментарий