• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Миллиондогон белектер! MegaCom жана Coca-Cola биргелешип өткөрүүчү акция

Коом 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. MegaCom «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАК менен биргеликте «MegaComꞌдон миллиондогон белектер» акциясын ишке киргизүүдө. Акциянын алкагында, Coca-Cola, Fanta, Sprite жана Bonaqua суусундуктарын сатып алууда, абоненттер кепилденген байгелерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Акцияга MegaCom компаниясынын каалаган абоненти катыша алат. Бул үчүн атайын белги коюлган боз түстөгү капкагы менен жогоруда аталган суусундуктардын бирин (0,5 литр көлөмдөгү) сатып алуу жетиштүү. Акциялык бөтөлкөнүн капкагынын астындагы промокодду таап, аны Mega24 мобилдик тиркемесинде активдештирүү зарыл. Абонент активдештирген промокоддордун саны канчалык көп болсо, кепилденген байгеси ошончолук баалуу болот:

Суусунуңузду кандырыңыз, жана да MegaCom уюлдук операторунун кепилденген белектерине ээ болуңуз. Акциялык капкактары менен суусундуктарды республикабыздын дүкөндөрүнөн тапсаңыз болот!

Акция 2020-жылдын сентябрь айынын аягына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий