• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Абдикаримов: Коронавирустун жаңы учурлары калк арасынан эмес, обсервацияда жаткандардан чыгууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Коронавирустун жаңы учурлары калк арасынан эмес, обсервацияда жаткандардан чыгууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Сыртта жүргөн калктын эмес, обсервацияда жаткандардын арасынан коронавирус илдети чыгууда. Башкача айтканда, дээрлик 95%ы. Азырынча калктын арасынан коронавирус илдети табылган учур жок", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, 15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 449 кишиге жетти. Алардын ичинен 98и медицина кызматкерлери. Коронавирустан 78 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий