• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Айдарбеков Азербайжандын КРдагы элчиси Оруджев менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын КРдагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу кырдаалдын контекстиндеги актуалдуу темалар, ошондой эле кыргыз-азербайжан кыматташтыгынын маселелери талкууланды.

"Үстүбүздөгү жылга пландалган бир катар эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде, Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиевдин Кыргыз Республикасына расмий сапарын уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Азербайжандын башчысынын Кыргыз Республикасына сапарына карата Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Г.Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушун аяктоонун маанилүүлүгү белгиленди. Бул сапардын алкагында алардын ачылыш салтанатын өткөрүү пландалган", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Андан тышкары, жолугушууда мамлекеттер аралык саясий, соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыктарды активдештирүү, атап айтканда, жакынкы арада видеоконференция форматында тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи кыргыз-азербайжан консультацияларын өткөрүү жөнүндө макулдашуулар жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий