• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министр Айдарбеков Беларустун ТИМ башчысы Макей менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.11.18. /Кабар/. Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун уставдык органдарынын биргелешкен отурумуна катышуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жана Беларустун ТИМ башчысы Владимир Макейдин жолугушуусу өттү.

Министрлер кыргыз-беларус мамилелеринин абалын жана өнүгүү келечегин, анын ичинде эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын 8-отурумунун жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, алдыдагы сапарларды, иш-чараларды талкуулашты, деп билдирет ТИМдин басма сөз кызматы.

Тараптар эл аралык күн тартиби, аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракет боюнча пикирлери менен алмашышып, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган ишти жүргүзүүгө даярдыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий