• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Министр Айдарбеков «Борбордук Азия+Япония» диалогуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Борбордук Азия+Япония» диалогуна катышуучу-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин видеоконференция форматындагы кезексиз кеңешмесине катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн кеңешме бүгүн, 11-августта өткөн.

Япониянын тышкы иштер министри Т.Мотэгинин төрагалыгы астында коронавирустук пандемиянын мезгилинде региондук ченемдеги, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы кызматташуунун практикалык маселелери деталдуу талкууланды.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары COVID-19 коронавирустук пандемиясынын жайылышынын натыйжасында пайда болгон терс экономикалык кесепеттерди жеңүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнүн, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүүдө саламаттыкты сактоо мекемелеринин ортосунда калктын ден соолугун коргоодо натыйжалуу чараларды кабыл алуу боюнча тажрыйба жана рекомендацияларды алмашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилешти.

2022-жылы Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл болоорун эске алуу менен, региондук жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле «Борбордук Азия+Япония» диалогун өнүктүрүүнүн алкагында мындан ары кызматташуунун келечектери боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Өз сөзүндө КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков адам дараметин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштап, тажрыйба алмашуу, квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарга катышуу жолу менен жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоонун актуалдуулугун баса белгиледи.

Конкреттүү сапаттуу инфратүзүмдүк, инженердик-коргоочулук, жол-транспорттук, айыл чарбалык долбоорлорду жана логистика, IT-технологиялар, курчап турган чөйрөнү коргоо жана билим берүү тармактарындагы демилгелерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди улантуу зарылдыгы белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгында төраганын Билдирүүсү жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий