• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр Айдарбеков Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Боррел менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков бүгүн, 7-майда Евробиримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү - Европа комиссиясынын вице-төрагасы Жозеп Боррел менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселелерди талкуулады.

"Ыкчам көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө керектөөлөрү үчүн 36 млн евро өлчөмүндө кошумча колдоо бөлүү жөнүндөгү чечими үчүн Евробиримдигинин дарегине кыргыз тарабынан ыраазычылык билдирилди. Ошондой эле Европа Биримдигинин КР үчүн 2021-2027-жылдарга карата жаңы көп жылдык индикативдүү программасын иштеп чыгууда бюджеттик колдоого каражаттарды бөлүү аркылуу программалар менен долбоорлорду каржылоо компонентин максималдуу кеңейтүү, ошондой эле саламаттыкты сактоо секторун приоритеттердин бири катары аныктоо кыргыз тарабынан сунушталды", - деп айтылат билдируүдө.

Андан тышкары, КР президенти С. Жээнбековдун Европа кеңешинин төрагасы Ш.Мишел менен 2020-жылдын 2-апрелинде болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Ошондой эле COVID-19 вирусунун жайылышын эске алуу менен алдыда боло турган сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий